www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Учурда Мамлекет башчысынын Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Глазгодо өткөн Климат боюнча лидерлеринин саммитиндеги билдирүүсүндө айтылган Кыргыз Республикасынын бир катар башка демилгелерин илгерилетүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.

2019-жылы Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясын ишке ашыруунун алкагында Париж макулдашуусун ратификациялаган. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы милдеттенмелери климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүү планы жана парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча глобалдык аракеттерге өлкөнүн салымы болуп саналган «Улуттук аныкталган салым» түрүндө берилген.

Жаңыланган «Улуттук аныкталган салымга» ылайык Кыргыз Республикасы парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенме алган. Атап айтканда, өлкө 2030-жылга карата «Бизнес демейдегидей» сценарийи боюнча эмиссияны 15,97% жана эл аралык колдоо менен 43,62% кыскартуу милдетин алды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352- токтому менен бекитилген 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык климатка туруктуулук жана экономиканы өнүктүрүү боюнча чаралар болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын экология жана климат чөйрөсүндөгү глобалдык максаттарга берилгендигинин ырастоосу, ошондой эле эл аралык климаттык күн тартибинин чектеринде активдүү ишти улантаарын билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Жол картаны иштеп чыгуунун алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү каралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости