www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испаниянын El Pais гезити АКШ жана НАТО Москвага жолдогон купуя документтин көчүрмөсү колуна тийгенин билдирип, аны сайтына басып чыгарды. "Батыш Орусиянын коопсуздук кепилдиктери тууралуу талабына кайтарган жооп кат" делген текстте “НАТО коргонууну көздөгөн альянс экени, Орусияга коркунуч жаратпаганы” айтылган.

Фотокөчүрмөгө караганда, Вашингтон орток кызыкчылыкка дал келген коопсуздук маселелерине тиешелүү келишимди Москва менен талкуулоого даярдыгын билдирген.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогону, Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган. Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун кучтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

El Pais документти кантип алганын ачыкка чыгарган жок. Reuters агенттиги кабарлагандай, НАТО испан басылмасына жарыяланган маалыматка комментарий бере албасын маалымдады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дагы комментарийден баш тартып, орус тарап катты шардана кылбаганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости