www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деген кооптонууларга байланыштуу НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун бекемдөө үчүн Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа мамлекеттерине 3 миң америкалык аскер жөнөтүлөт. Бул тууралуу CNN телеканалы президент Джо Байдендин администрация өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады.
Кийинчерээк бул билдирүүнү Пентагондун расмий өкүлү ырастады. Анын айтымында, президент Жо Байден Кошмо Штаттардан Европага 2 миң аскер жөнөтүүгө буйрук берди. Алар Польшага жайгаштырылат.
Дагы 1 миң америкалык аскер Германиядан Румынияга жөнөтүлөт.
Эске салсак, буга чейин АКШ 8500 жоокери Европага жөнөөгө толук даярдыкта турганын билдирген.
Мындан тышкары Улуу Британия жакынкы убактарда Польша менен Эстонияга кошумча күчтөрүн жөнөтө турганы кабарланган.
АКШ менен анын союздаштары Орусия Украинага карата кандай гана агрессиялык аракетке барбасын, ал НАТО аскерлеринин Чыгыш Европадагы күчтөрүнүн көбөйүшүнө алып келе турганын буга чейин бир нече жолу эскертишкен. Алардын айтымында, аскерлер Украинага жөнөтүлбөйт. 2-февралда Пентагондун өкүлү америкалык жоокерлер Украинанын аймагында согушпай турганын дагы бир жолу ырастады.
Булак: NazarNews.kg