www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан жер көчкү коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына кирет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-мартына карата республика боюнча 3800 үй-бүлө жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашап жатат.
Маалыматка караганда, мамлекет тарабынан коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкелери жана жардамдар берилгенине карабастан, 2415 үй-бүлө кооптуу аймактарды таштай элек.
Жер көчкү коркунучу боюнча эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул аймакта 2396 үй-бүлө кооптуу тилкелерде жашайт. Алардын ичинен 1475 үй-бүлө азыркыга чейин коопсуз жайларга көчө элек.
Адистердин маалыматы боюнча, жер көчкүлөр көбүнчө жаз мезгилинде кардын эришинен жана нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам активдешет.
Ошол эле учурда күз айларында узакка созулган жаан-чачындардан улам коркунуч сакталат.
ӨКМ жарандарды жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так сактоого жана зарыл учурда коопсуз жайларга өз убагында көчүүгө чакырат.