www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктарды саткан соода түйүндөрүндө акциз салыгын төлөө жана продукцияны акциздик маркалар менен милдеттүү түрдө маркалоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын алкагында салык кызматкерлери кайсы товарлар акциздик маркалар менен белгиленүүгө тийиш экенин, ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурдагы жоопкерчилик тууралуу маалымат беришти.
Салык мыйзамдарына ылайык, ТЭИ ТНнын 2202 кодуна кирген алкоголсуз суусундуктар, анын ичинде курамында кант, кант алмаштыргычтар же даам берүүчү заттар бар газдалган жана минералдык суулар акциздик товарларга кирет.
Мындай продукциялар сөзсүз түрдө акциздик маркалар менен маркаланышы керек.
Акциздик маркасы жок товарларды өндүрүү, импорттоо, сактоо же сатуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
Жеке жактарга 35 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.