www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Бул күнү өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

Тарыхына кайрылсак, Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март - дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. 

8-март - Айымдардын Эл аралык майрамы. Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен.Күндөр өтүп, жыл кылымга алмашып, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Ошентип Аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Бир жыл өтүп америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салып, 1913-жылга чейин белгиленген. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан.Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Негизги максаты - бул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон. Биринчи жолу Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген. Кийин айымдардын майрамы 8-мартка жылдырылган. 

Урматтуу айымдар, майрамыңыздар кут болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости