www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанга 1 миллиард 437 миллион 590 миң доллар которулганын Улуттук банк билдирди.

Бул жеке жактар которгон каражат. Акчанын басымдуу бөлүгү — 1 миллиард 304,7 миллион доллары Россиядан түшкөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстанга 2 миллиард 211,6 миллион доллар которулган. Быйылкы сумма 774 миллионго аз. Өткөн жылкы акча которуулар негизинен рекорд койгон.

Эске салсак, которулган каражатты "мигранттардын акчасы" деп коюшат, бирок башка транзакциялар да эске алынат. Каражат түрдүү валютада келип түшүп, алардын доллардык эквиваленти көрсөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости