www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Зима не будет» социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган. Абдылдаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Бишкекте Арстанбек Абдылдаев 13-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканы айтылып, Свердлов райондук милициясы ага издөө жарыяланганын 14-декабрда билдирген.Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. 2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Негедир айлана-тегеректи аппак кар каптап, «Зима не будет» деп ай-ааламды жаңырткан  Арстанбек Абдылдаевдин бул дүйнөдө изи  жоголду.  Парламент депутатынын кызыгуусун туудурган маселелердин  бири «Өзүнүн божомолдору менен Арстан Алай жаза тартабы?» деген пикир болгон. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Арстан Алай он эки жылдан бери ойду –тоону сүйлөп «Зима не будет!» деп келатат. Бирок анын айтканына тескери айлана тегеректи аппак кар баскан.

«Зима не будет» деген каймана ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармап кетишти. Алардын айтымында, Арстанбек Абдылдаев эч жакка жоголуп кеткен эмес. Ал эми анын кармалганын туугандары билбесе керек, анын жоголушу боюнча ички иштер органдарына арыз жазышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Абдылдаев аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деген шек менен кармалган.Белгилей кетсек Арстанбек Абдылдаев – белгилүү ишкер, коомдук ишмер, “Эл үчүн” саясий партиясынын жетекчиси. Ал президенттикке талапкерлигин койгон. Анын божомолдору жана ар кандай сөздөрү менен белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости