www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы жаңжал созулган сайын тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо шарттары татаалдашып баратат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Лавров Орусия менен Беларустун тышкы иштер министрликтеринин коллегиясынын жыйынынан кийин сөз сүйлөгөн.

"Президент буга чейин сүйлөшүүлөргө каршы чыккандар, анын ичинде Владимир Зеленскийге 2022-жылы эле жетишилген макулдашууга кол коюуга тыюу салгандар Зеленскийди согушту улантууга канчалык мажбурлаган сайын өзүлөрү үчүн сүйлөшүү шарттарын татаалдаштырып жатканын түшүнүшү керек деп айткан", — деди Лавров.

Министр "Орусия эч убакта сүйлөшүүлөрдөн баш тартпаганын" кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости