www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында бүгүн, 10-сентябрда Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Иш-чарага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары, медицина тармагынын өкүлдөрү жана КММАнын окутуучулары катышты.
Презентация учурунда роботтоштурулган системанын иштөө принциби көрсөтүлүп, анын хирургдар үчүн мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Министр Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, системаны башкарууну өзү сынап көрдү.
Министрдин айтымында, «робот-хирург» деп аталганы менен операцияны робот өз алдынча жасабайт. Бардык аракеттерди хирург башкарат. Система дарыгерге инструменттерди так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жүргүзүүгө жана операциялык талааны 10–15 эсеге чейин чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет.
КММАнын клиникалык базасында жакынкы убакта роботтун жардамы менен хирургиялык операцияларды баштоо пландалууда.
Ошондой эле быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүн дагы бир роботтоштурулган хирургиялык система сатып алуу пландалып жатат. Тендердик жол-жоболор аяктап, жабдууну жакынкы убакта жеткирүү күтүлүүдө.