www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кайрадан 100 доллардан ашты. 10-сентябрдагы соодада Brent маркасындагы мунайдын бир баррели 101,10 долларга жетти. Баанын өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу жана мунай ташыган кемелердин кыймылына байланыштуу кооптонуулар себеп болууда.
Энергетика рыногундагы негизги көйгөйлөрдүн бири — Ормуз кысыгындагы кырдаал. Бул аймак дүйнөлүк мунай жана газ ташуулары үчүн стратегиялык мааниге ээ. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, кысык аркылуу мурда дүйнөлүк мунай жана газ ташууларынын болжол менен 20 пайызы өткөн. Азыр бул багыттагы агым олуттуу кыскарган.
Кыргызстанга кандай таасири болушу мүмкүн?
Кыргызстан күйүүчү майдын олуттуу бөлүгүн импорттойт. Ошондуктан дүйнөлүк энергетика рыногундагы өзгөрүүлөр өлкөнүн ички рыногуна да таасир этиши мүмкүн.
Бирок мунайдын дүйнөлүк баасы 100 доллардан ашты деген эле себеп менен Кыргызстанда бензин дароо кымбаттайт деп айтууга болбойт.
Күйүүчү майдын баасына дүйнөлүк мунайдан тышкары импорттук баалар, логистика, валюта курсу, салык жана ички рыноктогу суроо-талап сыяктуу бир нече фактор таасир этет.
Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жогору бойдон калууда. Сентябрдын башындагы маалыматка ылайык, өлкө боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 89,1 сом, ал эми АИ-95 – 109,3 сомду түзүүдө. Дизелдик күйүүчү майдын орточо баасы 101,7 сомдун тегерегинде. Ал эми жогору сапат катары эсептелген АИ-100 үлгүдөгү бензин 149,9 сом болуп жатат.
Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Россиядан, ошондой эле Казакстан жана Беларустан алып келет. Кытайдан дагы ташууда. Бирок Россия кыргыз рыногундагы негизги жеткирүүчү бойдон калууда. Андыктан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүүдө Россиянын өзгөчө мааниси бар. Монополияга каршы кызматтын маалыматына ылайык, Россияда мунайдын жетиштүү көлөмү бар жана Кыргызстанга жеткирүү негизинен кургактык аркылуу жүргүзүлөт. Бул деңиз жолдорундагы көйгөйлөрдүн түз таасирин бир аз азайтуучу фактор болуп саналат.
Бензин кымбаттайбы?
Азырынча «бензин сөзсүз кымбаттайт» деп айтууга негиз жок. Бирок дүйнөлүк мунайдын баасы 100 доллардан жогору деңгээлде узак убакыт сакталып калса, күйүүчү майдын наркына басым күчөшү мүмкүн.
Ал эми бензин менен дизелдин кымбатташы транспорттук чыгымдарга, андан ары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасир этиши ыктымал.
Башкача айтканда, дүйнөлүк рыноктогу мунайдын баасынын өсүшү — Кыргызстандагы айдоочулар үчүн гана эмес, жалпы керектөөчүлөр үчүн маанилүү көрсөткүч.