www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайга стент коюу операциясы жасалды. Бул тууралуу маалымат Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Сейрек кездешүүчү жана оор жүрөк оорусуна чалдыккан баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан. Ымыркайдын абалы өтө оор болгон. 

Маалым болгондой, хирургиялык кийлигишүү Оштогу кыргыз-орус клиникасынын базасында жасалган. Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн Бишкектен өлкөнүн башкы кардиохирургиялык борборунан кардиохирургдар, перфузиологдор, анестезиологдор, эндоваскулярдык хирургдар бригадасы барышкан.

"Жаңы төрөлгөн ымыркайга уникалдуу операция тамырды тешүү аркылуу жасалды. Учурда баланын абалы турукташып калды", - деп билдиришти институттан.

Дарыгерлердин айтымында, мындай операциялар өнүккөн өлкөлөрдө көптөн бери жасалып келген. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу практикаланды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости