www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүтүрүүчүлөр арасындагы "Алтын тамга" мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2022-2023-окуу жылына карата тестке 2023 талапкер каттоого алынган. Иш-чараны өткөрүүгө 19 пункт түзүлдү. Окуучулар математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тест тапшырышат.
Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:
жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);
ачык түрүндɵгү тапшырмалар;
туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;
шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.
"Алтын тамга" тестинин максаты:
жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлин баалоо;
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жɵнүндɵ" мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;
мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары "5" (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге "Алтын тамга" тестин тапшыруу укугу берилет.