www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды.

Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.

«Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктын тексти»

«Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктын тексти»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости