www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга Финансы министрлигине 850 млн сом бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жапаров иш сапарынын алкагында Каракол шаарын өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Ага жалпы суммасы 885 млн сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү.

Каракол шаарын өнүктүрүүнүн үч багыттан турган программасында бюджетке киреше алып келүүчү долбоорлорго - муниципалдык базар, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу өңдүү бир топ пландар киргизилген. Мындан сырткары шаардын инфраструктурасын оңдоо, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу жана жаңылоо каралган.

"Буга чейин аймактарды комплекстүү өнүктүрүүдө Каракол шаары пилоттук долбоор катары тандалып алынып, иш-чарада мерчемделген жумуштарды ишке ашырууга бюджеттен 2 млрд сом каралган. Акылбек Жапаров Финансы министрлигине жеринде долбоорлорду ишке ашырууга 850 млн сом бөлүп берүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Жапаров облус аймагындагы жол, социалдык объектилердин курулуштары менен таанышып, Чолпон-Ата шаарында өтүүчү эл аралык ири туристтик көргөзмөгө катышып, 14-майда башталган Run the Silk Road эл аралык марафонун ачып берди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости