www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мамлекеттик "Түндүк" мекемеси түзүлүүдө. Ал тууралуу документ министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Анда мамлекеттик мекеме Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу болоору айтылат.

"Түндүк" мекемесине Кыргызстанда электрондук башкаруу системасын киргизүүдө техникалык координация менен камсыз кылуу, бийлик органдарынын жана юридикалык, жеке жактардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүнү камсыз кылуу функциясы жүктөлгөн. Мамлекеттик мекеме алардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылат. Ошондой эле жеке маалыматтарды да коргойт.

Документтеги тиркемеде мекеменин жетекчилери менен жумушчулардын кызматтык оклады көрсөтүлгөн.

Ким канча сомдон алат:

жетекчи — 120 миң сом;

жетекчинин орун басары — 115 миң;

архитектор — 130 миң;

башкы программист — 120 миң;

долбоордун координатору — 110 миң;

башкы бизнес-аналитик — 100 миң;

системалык администратор — 100 миң;

маалыматтык коопсуздук боюнча адис — 90 миң;

программист — 95 миң;

IT-аналитик — 90 миң;

дизайнер — 80 миң;

кичи программист — 75 миң;

бизнес-аналитик — 70 миң;

тестирлөө, долбоорлоо боюнча адис — 70 миң;

юрист — 55 миң;

бухгалтер — 55 миң;

мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис — 30 миң сом.

Документте жумушчуларга кошумча акы иштин оордугуна, сапатына, жыйынтыгына жараша төлөнөрү айтылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда орточо айлык маяна 20 миң 163 сом болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости