www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латвия Орусиянын 102 жаранына белгисиз мөөнөткө өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында тыюу салууга туш келгендер негизинен Орусия президентинин Украинаны басып алуу чечимин колдогон маданият ишмерлери экени айтылат.

"Латвия үчүн жагымсыз адамдардын тизмесине киргендер Орусиянын Украинадагы агрессиясын ачык-айкын актап жатат", - деп айтылат билдирүүдө. "Кремль режими жасаган мыкаачылыкты колдоо – бул кылмыш жасагандай эле маанини билдирет, ошондуктан мындай адамдардын Латвияга кирүүсүнө тыюу салынат".

Латвиянын тизмесине актерлор Василий Ливанов, Николай Бурляев, Александр Панкратов-Черный, Борис Галкин, Александр Пашутин, Игорь Петренко жана режиссерлор Юрий Кара менен Николай Лебедев кирген.

Латвия бийлиги 9-майда орусиялык артисттер Филипп Киркоров, Евгений Петросян, Владимир Винокур жана Бүткүл орусиялык көркөм гимнастика федерациясынын жетекчиси Ирина Винер-Усмановага өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Март айында мындай чечим Тимати деген каймана ат менен белгилүү Тимур Юнусовго, ырчы Юлия Чичеринага, актёрлор Михаил Боярский, Сергей Безруков, Игорь Угольников жана Мария Шукшинага карата кабыл алынган.

Латвия парламенти 12-майда советтик эстеликтерди коргоо тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу боюнча мыйзам долбоорун эки окууда жактырган. Сеймдин (парламент) бул чечими менен советтик армиянын жоокерлерине тургузулган Ригадагы комплексти сүрдүрүп салууга жол ачылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости