www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путиндин 2007-жылы Мюнхен конференциясында сүйлөгөн сөзүнБатыш этибарга албай катуу жаңылган. Баяндамачы Харлан Ульмандын бул тууралуу макаласы Hill гезитинде жарыяланды.

Автор россиялык лидер дүйнөнүн көп полярдуу болушу керектигине токтолгон. "Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференцияда Путин "дүйнөнүн чордону" болуп алган АКШга багыттап жаалдана сүйлөгөн. НАТОнун кеңейишине каршылыгын билдирген. Путиндин сөзү жыйындын катышуучуларын абдан таң калтырса да, жалпысынан айтылган нерсе айтылган жерде калган. Мына ушул чоң ката болгон", — деп жазат Ульман.

Публицисттин айтымында, Орусия президенти батыш лидерлеринин мындай көңүлкош мамилесин сыйлабагандык катары кабыл алган. "Путин АКШ менен НАТО анын сөзүнө кайдыгер мамиле жасап, эч таасирленген жок деп эсептеди. Президент ага чейин айтып-деп келген "Россияга карата Батыштын теңсинбеген мамилеси" кырдаалды курчутуп жиберди", — дейт Ульман.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Путиндин Мюнхен конференциясындагы даңазалуу кайрылуусуна 15 жыл толду. РФ лидери анда АКШнын тышкы саясаты менен бир полярдуу дүйнө түзүлүшү боюнча идеяны катуу сындап, НАТОнун кеңейишине жана Чыгыш Европада Американын абадан коргонуу объектилерин жайгаштырууга каршы чыккан.

Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Мюнхендеги кайрылуудан соң Батыштын бир полярдуу дүйнө түзүү оюнун келечеги жок экенин түшүнүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок алар муну кулак сыртынан кетирип, натыйжада абал "кооптуу чекке" жеткенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости