www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жашы жете элек жарандардын өлкөдөн убактылуу чыгуу тартибин өзгөртүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Мыйзам долбоору дарыланууга, олимпиадаларга, ошондой эле маданий, билим берүү жана спорттук иш-чараларга бара жаткан балдардын чет өлкөгө чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Документтин негиздемесине ылайык, учурдагы мыйзамдар боюнча баланын өлкөдөн чыгышы үчүн ата-энесинин экөөнүн тең нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу же алардын бири макул болбогон учурда соттун чечими талап кылынат.
Бул көп учурда соттук териштирүүлөрдүн создугушуна алып келип, балдардын дарыланууга, окууга же эл аралык мелдештерге өз убагында катышуусуна тоскоолдук жаратып келет.
Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, сапардын максатын тастыктаган жана саламаттык сактоо, билим берүү, маданият же спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтер болгон учурда, ата-энесинин биринин нотариалдык макулдугу менен баланын убактылуу чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү каралууда.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда экинчи ата-эне бир жылдан ашык убакыт алимент төлөөдөн качып, баланы тарбиялоого катышпаган учурларда нотариалдык буйрук аркылуу баланын үч айга чейинки мөөнөткө чет өлкөгө чыгышына уруксат берүү сунушталган.
Мындан сырткары, уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин жашы жете элек баланы чет өлкөдө атайылап кармап тургандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.
Бул үчүн Кылмыш-жаза кодексине айып пул же үч жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаңы 188¹-беренени киргизүү сунушталган.
Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Үй-бүлө кодексине жана «Нотариат жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда.
Документтин авторлорунун айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр балдардын убактылуу гана чет өлкөгө чыгуусуна тиешелүү болуп, туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгуу тартибине тиешеси жок.
Иштеп чыгуучулар мыйзам кабыл алынса, үй-бүлөлөр үчүн административдик тоскоолдуктар азайып, соттордун жүгү жеңилдеп, балдардын укуктарын коргоо кыйла натыйжалуу болоорун белгилешүүдө.