www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүү менен алектенген ишканаларды лицензиялоо жана колдоо боюнча иштер күчөтүлүүдө.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чаралар циркулярдык экономиканы өнүктүрүүгө, өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин киргизүүгө жана калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн санариптик реестрин түзүүгө багытталган.

Лицензия алдындагы көзөмөлдүн алкагында министрликтин өкүлдөрү картон, кагаз, пластик жана текстиль калдыктарын кайра иштетүүчү, ошондой эле полимердик баштыктарды чыгарган бир катар ишканаларда болушту.

Алардын катарында «Алтын Ажыдаар», «Эллегия», «Ак-Кайын», «Профикс-Юг», «Дукастомс» жана «Датка Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коомдору бар.

Министрликтин маалыматына караганда, бул ишканалар өлкө боюнча чогултулган макулатура менен картон калдыктарын кайра иштетип, таңгактоочу кагаз чийки затын жана гофрленген картон чыгарышат.

Ал эми текстиль калдыктарынан термокийиз, килем, жол килемчеси жана башка турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар өндүрүлөт.
Мындан тышкары, ПЭТ бөтөлкөлөрүнөн чет өлкөлөргө экспорттолуучу флекс даярдалса, пластик жана полимердик калдыктардан чакалар, пластик түтүктөр, щеткалар жана башка пластмасса буюмдары чыгарылат.

Министрлик калдыктардын көбүрөөк түрүн кайра иштетүүнү кеңейтүү, экологиялык ишкердикти өнүктүрүү жана «жашыл» долбоорлорду мамлекеттик колдоо иштерин улантарын белгиледи.

Ошондой эле калдыктарды кайра иштетүү менен алектенген бардык ишкерлерди мыйзам талаптарына ылайык өз ишмердүүлүгүн өз убагында лицензиялоого чакырды.

Последние новости