www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы–Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган нарктан дээрлик 5–8 эсе арзан баада курулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн 5 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат талап кылышкан.

Натыйжада темир жол «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өз каражатынын эсебинен курулуп, бир чакырымынын наркы 955 миң долларды түзгөн.

Азамат Сакиев белгилегендей, жаңы темир жол аркылуу мунай заттары, эл керектөөчү товарлар жана башка жүктөр ташылат.

Бул автожолдордогу жүктөмдү азайтып, логистикалык чыгымдарды кыскартууга жана жүк ташуунун коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Ошондой эле бул каттамда жакынкы мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы да ишке киргизилери маалымдалды.

Последние новости