www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөрдү заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо иштерин улантууда.
Министрликтен билдиришкендей, 2011-жылдан бери Министрлер Кабинетинин колдоосу менен министрликтин демилгеси аркылуу «А Банк» жана «Элдик Банк» ААКлары аркылуу жети мамлекеттик лизинг долбоору ишке ашырылып келет.
Долбоорлордун алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү тармагына керектүү жабдуулар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык жеңилдетилген үстөк менен лизингге берилүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик лизинг долбоорлорунун алкагында жалпы суммасы 24,8 млрд сомду түзгөн 11 986 даана айыл чарба техникасы дыйкандарга тапшырылган.
Анын ичинен 2026-жылы эле 6,7 млрд сомдук 2 186 даана техника лизинг аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген.