www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Казахстан темир жолы" компаниясы 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен күйүүчү май боюнча транзиттик жүктүн көөлөмүн алдын-ала макулдашууну токтотту. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Маалыматка караганда, казак тарап кыргыз ишканаларынын октябрь айына берген пландарын четке кагууда. Учурда ассоциация “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен бирге маселени чечүү аракетин көрүүдө.
“Кыргыз нефтетрейдерлери жүктү убагында алып келе албаса, 20 күндөн кийин эле өлкөдө күйүүчү майга тартыштык жаралат. Андыктан бул маселе эки өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керек”, — дейт ассоциация.
Булак: NazarNews.kg