www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын бардык аймагында “Баатырлар” антитеррордук операциясы башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башчысы Али Ерликая социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Министрдин айтымында, эртең мененки саат 8:30га карата Түркияда 466 операция жүргүзүлүп, ага 13 миң 440 коопсуздук кызматкери тартылган. Алардын жүрүшүндө Мерсин, Ван, Шанлыурфа, Мардин жана Айдында 12, Диярбакыр, Газиантеп, Стамбул, Бурса, Батман, Денизли, Адана, Кайсери, Анталья, Конья, Ыспарта жана Коджаэлиде кеминде 55 киши кармалган.
"Биз эч бир террористтик чабуулдарга жол бербейбиз. Коопсуздук күчтөрүбүздүн аракети менен тынымсыз күрөшүбүздү улантабыз", - дейт Ерликая.
Эске салсак, 1-октябрда Анкарада ИИМ имаратынын жанында теракт жасоо аракети болду. Алардын бири өзүн жардыры, экинчиси жок кылынган. Атышуу учурунда полициянын эки кызматкери жеңил жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg