www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-апрелде өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 4 баллдык жер титирөө саат 08:21де катталган. Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, Нарын шаарынан 210 жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 252 чакырым аралыкта болгон. Калктуу конуштарда анчейин билинген эмес.
Ошондой эле экинчи зилзала саат 19:24тө катталып, магнитудасы 5 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында жайгашып, өлкө аймагындагы төмөнкү чекиттерден аралыктары катталган:
Иркештам, Нура жана Икизяк айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзгөн.