www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө мамлекеттердин тоо куткаруучуларынын XII эл аралык окуу-машыгуусу өтүп жатат. Иш-чара 4–15-август күндөрү Чүй облусундагы Чуңкурчак капчыгайынын Татыр аскасында, Ала-Арча жаратылыш паркында жана Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнүн аймагында уюштурулган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, машыгуунун ачылышына өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмазбек Асанов катышып, чет өлкөдөн келген куткаруучуларга ийгилик каалады.
Окуу-машыгуунун жүрүшүндө катышуучулар бийик тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, аскага чыгуу жана түшүү, жабыркагандарды коопсуз эвакуациялоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдөн өтүшөт.
Быйылкы эл аралык машыгууга Россия, Моңголия, Тунис, Иордания, Сауд Арабиясы, Алжир, Судан, Армения, Грузия, Палестина жана Мароккодон келген куткаруучулар катышууда.