www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөнү Сириядагыдай сценарий менен 48 сааттын ичинде басып алуу планы болгонун, бирок ал ишке ашпай калганын билдирди.
Анын айтымында, Иран коомунда дүрбөлөң жаратууга багытталган аракеттер мамлекеттин чечкиндүү кадамдарынын аркасында токтотулган.
«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, бүгүн дүйнө Иранды күчтүү, кадыр-барктуу жана урматталган мамлекет катары тааныйт», — деди Пезешкиан.
Президент ошондой эле өлкөгө каршы санкциялар күчөтүлүп, банк тармагына жаңы чектөөлөр киргизилгенин, Иран ар тараптуу кысымга кабылганын белгиледи.
«Биз элге убада беребиз: жашап турган убакта бардык күч-аракетибизди өлкөгө жана элибизге кызмат кылууга жумшайбыз», — деп кошумчалады Иран лидери.