www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда «чочко тумоосу» менен ооруган 34 учур катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптар текшерилип, 34 учур чочко тумоосу экени аныкталган. Ал жалпысынан тумоонун “А” түрү экени белгилүү болгон.
«Чочко тумоосунун» белгилери сасык тумоого окшош, бирок ич өтүү, ичтин көбүүсү (диарея) сыяктуу белгилери болот. Өтүшүп кетсе пневмонияга айланат.
Булак: NazarNews.kg