www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын бут кийим тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүп, ички рыноктон тышкары чет өлкөлөрдө да талапка ээ болуп баратат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, быйыл январь-сентябрь айларында республика жалпы 2,7 миллион жуп бут кийим экспорттогон.
Экспорттун негизги багыттарынын сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат. Россия бул мезгил ичинде 1,78 миллион жуп кыргыз бут кийимин сатып алып, эң алдыңкы орунду ээлген. Андан кийин Казакстан (660 миң жуп) жана Өзбекстан (107,4 миң жуп) кирет.
Кыргыз бут кийимине кызыгуу алыскы мамлекеттерде да байкалат. АКШга 17,6 миң жуп жөнөтүлсө, Беларус, Германия, Финляндия сыяктуу өлкөлөр да чакан көлөмдө импорттогон. Ошондой эле Афганстан, Улуу Британия, Грузия, Франция, Испания, Канада, Польша, Азербайжан, Намибия сыяктуу мамлекеттерге да аз санда сатылган.
Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын бут кийим өндүрүшү ар кайсы рынокторго жол таап, географиясын кеңейтип жатканын айгинелеп турат.