www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган же туура эмес маалыматтарды көрсөткөн 3472 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фактылар боюнча Укук бузуулар кодексинин 438-беренесинин (Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү) негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголгон.

Натыйжада, материалдар сот органдарына кароо үчүн жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен 2882 кызмат адамына жалпы 13 миллион 674 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда калган кызматкерлерге карата материалдар сот тарабынан кароо стадиясында турат.

Последние новости