www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Бишкекте КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча улуттук координациялык жолугушуу өткөрдү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, иш-чарада диний чөйрөдө аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы арада түзүлгөн приоритеттүү пландары жана милдеттери тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты 2021-2026-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жана аны ишке ашырууда иш-чаралар планын аткарууда координациялоону күчөтүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости