www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорун коомдук талкууга Шаирбек Ташиев койду.

Депутат иштеп чыккан документ коомдук талкууга коюлду. Эгер демилгеси колдоо тапса баш ийбегендерге төмөнкүдөй айып сайлынат:

электрондук тамеки чеккендерге — 40 миң сом;

саткандарга — 50 миң сом (юридикалык жактар 65 миң);

ташып келгендерге — 150-200 миң сом же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу.

Ташиевдин айтымында, соңку жылдары окуучулар арасында электрондук тамеки чеккендер кескин көбөйүп кеткен. Буга электрондук чылымды кадимки тамекинин ордуна коопсуз альтернатива катары көрсөтүү себеп болгон. Болбосо ден соолукка олуттуу зыян тийгизет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости