www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын базасына дагы бир чабуул болду

Иран колдогон топтордун Сириядагы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) базасына куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу жаңы чабуулдары болду.

Сириянын Евфрат дарыясынын батыш жээгиндеги Дейр-эз-Зор провинциясында Иран колдогон топтор америкалык аскерлер жайгашкан Өмер мунай кен базасына бир нече жолу кол салышты.

АКШ азырынча кол салууга байланыштуу билдирүү жасай элек.

28-январда Сирия-Иордания чек арасындагы америкалык базага жасалган чабуулга жооп иретинде АКШ 3-февралда Иран Төңөкрүш сакчылары армиясынын Кудс күчтөрүнө жана Сирия менен Ирактагы куралдуу топторго таандык кеминде 85 бутага абадан сокку урулганын жарыялады.

Жыл башынан бери Сириядагы америкалык күчтөр жайгаштырылган базаларга кайдан келгени белгисиз ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен көптөгөн чабуулдар жасалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости