www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери кармалды.

ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин-мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусу К.А.ны кармашкан.

2024-жылдын 3-февральда башкармалыктын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” лакап аттуу К.А. аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылып алынган.

Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 283- беренеси менен кылмыш иши иликтенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости