www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Багдат Мусин кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.

СӨПтөн билдиришкендей, меморандумга Алматы шаарында өткөн VI Digital Almaty 2024 форумунун алкагында кол коюлду.

Форумдун ишине санариптик технологиялар жаатындагы жетектөөчү эксперттер катышты. Форум өзүнө GovTech, Индустрия 4.0, ESG, Smart City жана башка ушул өңдүү тармактарды кошкон санариптик трансформациядагы актуалдуу темаларды камтыган кеңири мазмундагы иш программасын камтыйт.

Форумдун алкагында Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Шанкай Кызматташтык Уюмунун биринчи санариптик форумунун алкагында өткөрүлгөн “GovTech X: мамлекеттик башкаруудагы санариптик куралдар” темасында панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

“Digital Almaty – жөн кана форум эмес, санариптик индустриясынын лидерлери жолуга турчу жер, бул жерден санариптик келечекке таасир этчү жаңы тенденциялар жана чечимдер иштелип чыгат”,- деп белгиледи санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Муну менен бирге, Нурия Кутнаева Ирандын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Иса Зарепур менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле министр Нурия Кутнаева Азербайжандын Asan xidmet мекемесинин директору, Евразиялык өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун жетекчиси Тирган Саркисян жана Эл аралык электробайланыш бирлигинин аймактык директору Наталья Мочу менен жолугушууларды өткөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости