www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭБдеги кырсык: Министр ысык суу берүү 70% жеткенин айтты

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) абал боюнча маалымат берип, шаарда элге ысык суу 5-февралдын кечинде толук берилерин айтты. Анын сөзүнө караганда, ушул тапта ЖЭБ 308 МВт электр энергиясын өндүрүп, тогуз от казан жана төрт турбогенератор иштеп жатат. Суунун температурасы 60-65 градуска жакын.

“Ысык сууну берүү 70% жетти. Бүгүн кечке чейин 100% жеткиргенге аракет кылабыз. Экинчи күнү таң атканга чейин шаардыктарга ысык суу берүү 100% болот”, - деди Таалайбек Ибраев.

5-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Анда Таалайбек Ибраев Бишкекке Орусиядан адистер келип, алар жергиликтүү энергетиктер менен чогуу ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин талкуулап жатышканын айтты.

“Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек”, - деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров адистер ЖЭБди жарым-жартылай же толук модернизациялоо жолдорун изилдей турганын билдирди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жөнөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде ЖЭБди толугу менен модернизациялоо тапшырмасын бергенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости