www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-майда, Бишкек шаарындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүндө «Инновациялык каржылоо аркылуу туруктуу энергетикага өтүү» (iFIRST) долбоору боюнча расмий сүйлөшүүлөр өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын эксперттик тобу катышты. Жолугушууну Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл жана Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев ачты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар долбоордун юридикалык макулдашууларын, экологиялык жана социалдык милдеттенмелерин, каржылоо механизмдерин, финансылык башкаруу жана сатып алуулар боюнча маселелерди талкуулашты.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө: “Бул долбоор Кыргызстандын энергетика тармагындагы реформаларды илгерилетүү менен катар климаттык каржылоону тартуу боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эң негизгиси — бул көмүртек каржылоо механизмдерин колдонууга багытталган алгачкы демилгелердин бири болуп саналат. Биз энергетикалык туруктуулукту камсыздоо жана зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча иштерди ырааттуу улантабыз”, -деп белгиледи.
«Кыргызстан климаттык каржылоонун жаңы механизмдерин киргизүүдө маанилүү кадам жасап жатат. Бул долбоор өлкөнүн туруктуу энергетикага өтүүсүнө жана көмүртек рыногуна интеграцияланышына өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл. Ошондой эле ал: «Сиздерге өнөктөш болуп жатканыбызга сыймыктанабыз жана ушул маанилүү этапка жеткениңиздер менен куттуктайбыз. Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — бул долбоор дүйнөдө экинчи жолу гана ишке ашырылып жатат жана аны алгачкылардан болуп Кыргызстан жүзөгө ашырууда», — деп кошумчалады.
Долбоор Дүйнөлүк банк жана Көмүртек активдерин трансформациялоо боюнча фонд (TCAF) тарабынан ишке ашырылып, iFIRST демилгесинин алкагында жүргүзүлөт. Бул демилге Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан сунушталып, өлкөдөгү көмүртек каржылоосуна байланышкан алгачкы долбоорлордун бири болуп саналат.
Долбоордун негизги максаты – энергетика тармагындагы реформаларды колдоо жана зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу. Долбоордун өзгөчөлүгү катары жыйынтыкка негизделген төлөм механизми колдонулат. Ага ылайык, зыяндуу газдардын эмиссиясынын кыскарышы атайын системалар аркылуу өлчөнүп, катталып жана көз карандысыз текшерүүдөн өткөндөн кийин гана каржылык төлөмдөр жүргүзүлөт.
Долбоордун каржылоо көлөмү 50 миллион АКШ долларына чейин көбөйтүлдү. Анын ичинен 35 миллион АКШ доллары негизги каржылоо болуп саналса, дагы 15 миллион АКШ доллары опциондук каржылоо катары каралган. Бул механизм Кыргыз Республикасы долбоор алкагындагы милдеттенмелерди ийгиликтүү аткарган учурда, зыяндуу парник газдарынын чыгарылышын кыскартуунун жыйынтыктарын кошумча сатууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле долбоордун алкагында мамлекеттик органдардын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо, зыяндуу парник газдарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү системасын түзүү, ошондой эле көмүртек бирдиктеринин улуттук реестрин ишке киргизүү пландалууда.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Париж келишими алкагындагы милдеттенмелерин аткаруунун негизинде ишке ашырылып, глобалдык жылуулукту чектөөгө жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартууга багытталган.
Эксперттердин белгилөөсүндө, бул демилге Кыргызстандын энергетика секторундагы реформаларды илгерилетүүгө, климаттык саясатты бекемдөөгө жана эл аралык климаттык каржылоону тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Натыйжада өлкөдө экологиялык туруктуулукту жогорулатуу менен бирге энергетика тармагын модернизациялоого жана атмосферага зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга шарт түзүлөт.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдүн Протоколуна кол коюлду.