www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жаранды сабоого шектүү кармалганын облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-майда Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Ата шаарынын 1999-жылы туулган тургуну А.У. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ошол эле күнү болжол менен саат 15:35 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы базардын алдынан белгисиз жарандар тарабынан сабалып, бычак менен коркутууга кабылганын билдирген.
Факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдоп жүргөн Чолпон-Ата шаарынын 1984-жылы туулган тургуну К.А. аныкталган.
Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери, Ысык-Көл райондук УКМКсынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө шектүү Чолпон-Ата шаарынын аймагынан кармалган.
Шектүү К.Анын автоунаасына жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда кылмышка тиешеси бар бычак табылып, далил зат катары алынган.
Кыргыз Республикасынын КЖПКсынын 96 жана 97-беренелерине ылайык, шектүү К.А. Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.