www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышын жана тобокелдик факторлорун баалоого багытталган улуттук изилдөө башталат.

Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык байланыш борборунан билдиришти. 24-июндан тартып баштала турган изилдөө өлкөнүн бардык аймактарында жүрөт. Ага капыстан тандалган үй-бүлөлөрдөгү 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы адамдар катышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын командасы үйлөрдү кыдырып, сурамжылоо жүргүзөт жана жарандардан анализге кан алат. Бардык интервью алуучулар коопсуздук үчүн атайын Ден соолукту чыңдоо жана массалык байланыш боорборунун белгиси бар бейжик тагынышат.

Изилдөө оорунун алдын алуу үчүн калк арасында В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышы боюнча так маалыматтарды алуу максатында жасалып жатканы белгиленген.

Расмий статистикага кайрылсак, акыркы жылдары ВИЧ жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар көбөйдү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, былтыр 1006 жаңы учур аныкталса, анын 824ү жыныстык катнаш аркылуу тараган.

2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) алып жүргөңдөрдүн жалпы саны 13030 кишиге жеткен. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон.

Дарыгерлердин айтымында, гепатиттин С түрүнөн толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы үч же алты айга созулат.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким, өмүр бою дарыланууга туура келет).

Гепатиттин В түрү менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда, анын ден соолугу жакшырат, дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактанууга жардам берет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости