www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында 149,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалы комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын I кварталында керектүү бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 133,5 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көбөйдү.

"Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында айына 7 420,1 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,5 пайызга өстү. Кирешенин эң чоң үлүшү (66 пайызды) жумуш менен камсыз болгон кирешеден түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости