www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте атышуу орун алып бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Ага ылайык, 7-августта милициянын "102" кызматына Каарманский көчөсүндө белгисиз адам октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө белгисиз үлгүдөгү тапанча, 1 даана патрон жана гильза табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, октон жаракат алган 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Учурда шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости