www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" БУУга кайрылып, Орусиянын аны террордук уюм катары таануусуна түздөн-түз кийлигишүүнү сурады.

11-августта партиянын башчысы Мухиддин Кабири БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррештен Орусиядан мындай чечимди кабыл алуудан карманууну талап кылууну өтүндү. Анын айтымында, мындай чечим Тажикстанда тынчтыкты жана улуттук ынтымакты орнотуу келишимине каршы келет.

Диний партия Тажикстан бийлигинин КМШ аймагында партияны террордук уюм деп атоо өтүнүчү тажик оппозициясынын ондогон мүчөлөрүнө жана тарапташтарына кедергисин тийгизе турганын белгилеген.

БУУ "Ислам кайра жаралуу партиясынын" кайрылуусуна жооп бере элек.

26-июлда Орусиянын Башкы прокурору Игорь Краснов Душанбеде Тажикстан президенти Рахмон менен жолугушуу учурунда Орусиядагы айрым уюмдарды террордук деп таануу маселеси каралып жатканын айткан.

Тажикстандын өтүнүчүнө карабай, мурдагы СССР өлкөлөрү, анын ичинде Орусия акыркы жети жылдан бери "Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясы" боюнча чечим кабыл алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости