www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Статкомдун маалыматы боюнча, учурда өлкөдөгү 27 банктын 23ү иштейт.

 Өткөн жылы Кыргызстандагы эки банк киреше алуучу деңгээлге чыга албай калды, учурда алардын бирөө иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөдө жалпысынан 23 банк иш жүргүзүүдө. Алардын 22синин жалпы кирешеси 2023-жылы 26 миллиард 328 миллион сомго жеткен. Учурда иштеп жаткан бир банк былтыр 22,6 миллион долларга артка кеткен (аталышы айтылган эмес).

Мындан тышкары, төрт банктын лицензиясы артка кайтарылып же жок кылуу стадиясында турат. Алардын үчөө киреше (145,5 миллион сом) тапса, бирөө жоготууга (1,8 миллион) учураган.

Бирок жогоруда аталган сандар Улуттук банктын маалыматынан бир аз айырмаланат. Башкы банк Кыргызстандагы банктар өткөн жылы 24 миллиард 237 миллион сом таза киреше тапканын айткан. Айырма эсептөө түрдүү системалар аркылуу жүргүзүлгөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, Улуттук банк адатта киреше салыгын жана мүмкүн боло турган жоготууларды алып салгандан кийин маалымат берет.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости