www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматы 1-июлдан тартып соода жүргүзү үчүн патент берүү токтотуларын эскерткен.
Жыл башынан бери онлайн режимде дээрлик 532 миллион сомго 215 миң 430 электрондук патент берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда дээрлик эки эсе азайган. Анын себеби патент боюнча соода жүргүзгөн ишкерлердин башка салык режимдерине өтүүсү менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле Салык кызматы 1-июлдан тартып патент менен соода жүргүзү токтотуларын эскерткен. Мындан тышкары, электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына барбай эле Сabinet.salyk.kg. сайтындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү экени айтылган.
Ошондой эле электрондук патентти үчүнчү жактар коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлор жана башка үчүнчү жактардын санариптик платформалары аркылуу тариздеп, төлөй алары кошумчаланган.
Булак: NazarNews.kg