www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус кайрадан баш көтөрө баштады

Кыргызстанда бир жумада, 28-ноябрдан 4-декабрга чейин COVID-19дун 13 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, ал эми 11и - амбулатордук дарыланууда.

27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган жарандардын саны 645 млн 19 миң 571 адамга жеткени айтылды. 

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө COVID-19 вирусунун кесепетинен 6 млн 640 миң 437 адам каза тапан. 

Булак: NazaNews.kg

Последние новости