www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-декабрда шаардык мэрия Ташкенттеги автогаз станциялары убактылуу жабылганын кабарлады.

Маалыматка караганда, коммуналдык кызматтар колдо бар газды бардык керектөөчүлөр арасында теңме-тең таратууга аракет жасаганы менен газ басымынын төмөндөшү, ресурстардын жетишсиздиги буга түрткү болду.

“Үй чарбаларын газ жана жылуулук менен камсыздоо максатында коомдук транспорт станцияларынан башка станциялардын баары убактылуу жабылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин соцтармактарда газ станциялары бир нече күнгө чейин жабылары кабарланган. Бирок 4-декабрда “Худудгазтаминот” ишканасы бул маалыматты четке кагып, калкты мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.

Бул арада “Узтрансгаз” күн сууктап кеткенине байланыштуу калкты жана стратегиялык маанилүү ишканаларды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн май куюучу станциялардын ишине убактылуу чектөө киргизилерин маалымдады.

Ошол эле күнү Энергетика министрлиги сууктан улам Фергана өрөөнүндө электр кубатын берүүдө үзгүлтүк болуп жатканын билдирген.

2016-жылы президенттик шайлоонун алдында Шавкат Мирзиёев калктын жарык жана газ маселесин чечүүгө убада берген. Бирок акыркы учурларда, өзгөчө күз-кыш мезгилинде калкты электр жана газ менен камсыздоо маселеси актуалдуу бойдон турат.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости