www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министринин жетекчилиги башкаруу менен эмес, бизнес менен алектенет. Мындай пикирин депутат Султанбай Айжигитов бүгүн, 5-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Айыл чарба министрлиги агрардык саясат менен алектенип, тармакты өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек. Сиздер бизнеске кийлигишүү менен экономиканы башкаруунун айырмасын билбейсиздер. Бул кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жатат. Быйыл дыйкандардын чыгымын ким төлөйт? Мөөнөтү өтүп кеткен минералдык жер семирткичтерден бюджеттин чыгашасы үчүн жоопкерчиликти ким тартат?”, - деди  Султанбай Айжигитов.

Депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин башчысына ордун өз ыктыяры менен бошотууну сунуштады. «Бир дагы багыттагы ишиңердин жыйынтыгы жок», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости