www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар иштей баштады

Кыргызстанда кыска мөөнөтүү бала бакчалар расмий ачылып, чекесинен иштей баштаганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кыска мөөнөттүү бала бакчанын алгачкысы Чүй облусунун Москва районундагы "Спартак" жалпы орто билим берүү мектебинин базасында салтанаттуу ачылган.

"Иш-чарага аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөтүнүн адистери жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Бакча эртең менен же түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган", — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан Москва районунда кыска мөөнөттүү 16 бала бакча уюштурулуп, калган 15и апрелде ачылары кошумчаланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, "Келечек үчүн билим берүү" жана "Окутуунун негиздерин бекемдөө" долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлмөкчү. Алар ачылганда 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын бала мектепке чейинки билим алат.

"Кыска мөөнөттүү бала бакча үч сааттык программаны сунуштап, балдарды өнүктүрүүгө басым жасайт. Ал жакта бөбөктөргө тамак берилбейт, укташпайт", — деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости