www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы теракт боюнча дагы бир шектүү кармалды

«Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу дагы бир шектүү кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, кармалган адам террористтерди каржылоо схемасына катышкан. Комитет мындан башка маалыматтарды ачыктаган жок.

Ведомствонун маалыматында кармалган террористтер менен иштөөнүн натыйжасында алардын украин улутчулдары менен байланышы бар экендиги тууралуу далилдер алынганы айтылган.

«Тергөөнүн көрсөтмөсүндө терактты жасагандар Украинадан олуттуу суммадагы акча жана криптовалютаны алганын тастыктаган маалыматтар бар, каражат кылмышты даярдоодо колдонулган», - деп айтылат билдирүүдө.

Москвадагы «Крокус Сити Холлдогу» теракт 22-мартта болгон. 23-мартта Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы теракт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 11 адам кармалганын билдирген.

Тергөөгө ылайык, алардын төртөө террористтер, үчөө террористтерге батир жана унаа менен жардам берген деп айыпталууда. Калгандары тууралуу маалымат берилген жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости