www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардык сот журналист Айке Бейшекееваны камакта калтырды

Бишкек шаардык соту 29-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееваны камакта калтыруу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Шаардык сот 27-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажибек уулун, аталган медианын мурдагы кызматкери, азыр “ПолитКлиникада” иштеген журналист Тыныстан Асыпбековду жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду да камакта калтырган.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровду, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган. Журналисттердин адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкат менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости